2014-жылы Бишкек шаарындагы коомдук жайларда 1454 кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу аз. Ал эми кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын көпчүлүк бөлүгү 18 жаштан 24 жашка чейинкилер. Ошондой эле 163 жашы жете элек бала кылмыш жоопкерчилигине тартылса, чет элдик жарандар тарабынан 66 кылмыш жасалган.