21-январдан 8-февралга чейинки аралыкта кикбоксинг боюнча Кыргызстан курама командасы Бишкекте машыгуу сборун өткөрөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган агенттик тарабынан каржылана турган спортчулардын жана машыктыруучулардын жалпы саны 13тү түзөт. Алар: Алексей Федосеев, Кумар Жалиев, Мирлан Ибраимов, Айбек Дүйшембиев, Шахриза Халилова, Уланбек Касымбеков, Бекжан уулу Адилет, Радик Воинов, Авазбек Аманбеков, Куан Абдраимов, Икбол Фозилжон уулу, Алтай Өмүрбаев (машыктыруучу) жана Александр Воинов (башкы машыктыруучу).