Өткөн жылы Бишкекте 632 оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылы катталган оор жана өзгөчө оор кылмыштардын 549унун бети ачылса, 106 зордуктоо, 141 каракчылык, 155 өзгөчө оор кылмыш, 24 пара талап кылуу фактыларынын бети ачылган.