Бишкекте уурулукка шектелип 14 жашар бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 22 жаштагы Кытай Эл Республикасынын жараны кайрылган. Анда ал 20-январь күнү белгисиз адам апасынын уюлдук телефонун жана 2000 сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 14 жаштагы бала кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.