Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-жылы аталган айыл өкмөтү менен “М” ишканасынын ортосунда суу менен камсыз кылуу системин куруу боюнча келишим түзүлгөн. Бул үчүн мамлекеттен 3 миллион 100 миң сом бөлүнгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин иш толук аткарылган эмес. Муну менен эки тараптын мыйзамсыз кылган иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекет 955 450 сомго чыгымга учураган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан