Борбор калаада зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 35 жаштагы А.Т. аттуу айым кайрылган. Анда 21-январь күнү анын Дайыр аттуу чала таанышы күч колдонуу менен аны зордуктаганын айткан. Бул кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Ж.Дайырбек аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.