Өткөн жылы борбор калаада 566 жаранга издөө жарыяланган, алардын арасында дайынсыз жоголгондор да бар. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Александр Белунскас билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө жарыяланган 566 жарандын ичинен 562 адам күч органдарынын кызматкерлери тарабынан табылган, калган 4 жаран дале дайынсыз бойдон калууда. Ал эми 2013-жылы 627 жаранга издөө жарыяланып, алардын ичинен 619 адам табылган. Бүгүнкү күнгө чейин 8 жаран дайынсыз бойдон калууда.