Сокулук районунда бир катар уурулук жана каракчылык фактысына шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жарандар Сокулук районунун аймагында катталган 3 уурулук, 2 каракчылык фактысына шектелүүдө. Алар баалуу делген буюмдарды алып кетишчү. Учурда 23 жана 19 жаштагы эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.