Мушкер Азат Усеналиев Дүйнөлүк бокс сериясынын алкагында алгачкы беттешин техникалык нокаут менен жеңип алды

Кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын алкагында "Украинские атаманы" клубунун курамында биринчи беттешин өткөрүп, техникалык нокаут менен утуп алды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, 23-январь түнү "Украинские атаманы" клубу британиялык командага каршы туруп, жалпысынан 5 беттеш орун алган. Анын үчөөсүндө украиналыктар жеңип чыгышты. 52 килограмм салмакта рингге чыккан кыргызстандык мушкер Азат Усеналиев дүйнөлүк рейтингде 2-орунду ээлеп турган британиялык Эндрю Селби менен кез келди. Беттеш Азаттын үстөмдүгү астында өтүп, узактыгы болгону 4 раундга созулду. Жаракат алган Э.Селбинин тарапташтары беттешти мөөнөтүнөн мурун токтотуу сунушун беришти. Жыйынтыгында Азат техникалык нокаут менен жеңип, командасына да жеңиш алып келди.

Кошумчалай кетсек, бул эки мушкер өткөн жылы да кез келип, анда Азат Усеналиев утулуп калган.

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев британиялык Эндрю Сэлбини техникалык нокаут менен утуп алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Delfinchik
2015-01-26 08:37:26
Крсавчик
0
Mavlyuda
2015-01-26 09:00:01
Бар болсун Кыргызстанды алга сурогон жигиттерибиз. Аларды колдоо керек
Ийгилик
+1
naka
2015-01-26 09:09:26
красавчик Азатик
0
Erkin.kg
2015-01-26 09:43:48
азат красавчик
0
Akshumkar
2015-01-26 09:58:18
Азаматсын ээркек тумшугун былчыйта койй.
0
Sadyrov_n93
2015-01-26 20:22:32
Азамат Азат,красаффчик.
0
kama_future_millioner
2015-01-26 23:41:52
Куттуктайбыз ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан