Акыркы сутка ичинде республика аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 2, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Баткен облустарында бирден өрт кырсыгы катталган.
Ат-Башы районундагы орто мектептердин биринде өрт чыгып, биология кабинети күйүп кетти. Кырсыктын келип чыгышына электр каражаттарын колдонууда эрежелердин бузулушу себеп болгон.