Бүгүн, 24-январда Бишкектин 7-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 14 жаштагы кыз бийиктен боюн таштап каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди. Анын айтымында, окуя бүгүн түшкө маал болгон. Маалыматка караганда, кыз апасына таарынып 23-январь күнү үйүнөн чыгып кетип, кийин милиция кызматкерлери аны үйүнө жеткирип барышкан. Бирок бүгүн кыз 8-кабаттан секирүү менен өз жанын кыйган. Учурда окуяны Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы иликтеп жатат.