Бүгүн, 24-январда таңкы саат төрттөр чамасында эркин журналист Болот Сатаркуловду белгисиз адамдар сабап кетишти. Окуя борбор шаарда жабырлануучунун үйүнүн жанында болгон. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаевдин билдиришинче, Сатаркулов бүгүн Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына келип көрсөтмө берди. Маалым болгондой, белгисиз адамдар аны сабап, кийин кол баштыгын тартып алып кетишкен. Анын ичинде видеокамерасы жана капчыгы болгон.
“Сатаркулов туруктуу бир жерде иштебейт. Жеңил жаракат алып, абалы жакшы. Окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат”,- деди Казабаев.
Аталган журналист бир катар маалымат булактарында штаттан тышкаркы кабарчы катары иштеп жүргөн.