Бүгүн, 25-январда "Шериктештик Кубогу-2015" мелдеши жыйынтыкталат. Бул мелдеш быйыл Кыргызстандын 21 жашка чейинки курамасы үчүн ийгиликтүү болуп, алдынкы 6 команданын катарына кире алды (5-орун үчүн Орусия менен кез келет). Мындай ийгилик Кыргызстандын тарыхында катталган эмес. Андыктан бул алдыдагы жылдарда мелдешке катыша турган жаш футболчулар үчүн мерчемдүү чек болуп берет. Машыктыруучу кийинки жылдары команданы ушул ийгиликти айтып шыктандырат. Машыктыруучу демекчи, бардык ийгиликти айтып жатканда анын эмгегин көз жаздымда калтырууга болбойт. Белгилүү болгондой, бул мелдешке жаштар курамасын жаш машыктыруучу, 29 жашка чыга элегинде эле машыктыруучу катары кыргыз футболу үчүн ат көтөргүс эмгектерди жараткан Мирлан Эшенов жетектеп барган. Футболчуларды бир муштумга түйүлүүгө, команда катары биримдиктүү болууга, кези келгенде чогуу кубанып, чогуу ыйлоого ушул адам үйрөткөн. Мирлан Эшенов өзүнүн мыкты мүнөзү, жогорку профессионалдуулугу жана команданын мыкты оюну менен көпчүлүккө үлгү болду.
*
Назарыңыздарга Мирлан Эшеновдун "Шериктештик Кубогу-2015" мелдешинин расмий сайтына берген маегин сунуштайбыз.
– Мен Кыргызстандын футбол боюнча биринчилигинде ойногон "Абдыш-Ата" клубунда иштеп баштаганда, Кыргызстанга келген голландиялык, бразилиялык машыктыруучулар менен баарлашканга аракет кылчумун. Бул мен үчүн ийгиликтүү мектеп болгон. Башта менин командам утулуп калганда же ийгиликтүү эмес ойноп калганда абдан кыжалат болуп, түнү менен уктабай чыкчумун. Ошол машыктыруучулар мага минтип айтып калышчу: "Мирлан, кыжалат болбо. Утулуп калсаң да өзүңдү эркин кармап, бардыгын анализдеп чык. Качан, кандай ката кетиргениңди иликтеп, туура бүтүм чыгар. Сен өзүңдү жей берсең, чачың бат агарат да, өмүрүң да кыска болот. Бул сага керекпи?" Бул мени алдыга талыкпай кадам таштоого үйрөтүп, жашоодогу девизиме айланды. Машыктыруучулукту үйрөнүп жатам, үйрөнгөн нерселерди иш жүзүндө колдонуп, алдыга жылып баратам.
– Машыктыруучу катары алгачкы кадамды кандайча таштагансыз?
– Балдар бакчасында иштеп баштагам, жаш балдардын курамасын машыктыргам (күлүп). Кичинекей балдарды карап отурчумун. Бул да өтө пайдалуу тажрыйба. Мына азыр курама команданын машыктыруучусунун деңгээлине чейин өсүп жеттим. Кээде жашоомдо болгон ылдам, олуттуу бурулуштарга ишене албай кетем.
– Сиз Кыргызстандагы атактуу футболчулардан болгонсуз. Карьераңызды өз каалооңуз менен өтө эрте куракта жыйынтыктаганыңыз таң калтырбай койбойт...
– Мен өзүмдү профессионал спортчумун деп айтпайт элем. Жаш кезимде футбол майданына чыгып, жарым коргоочу катары ойногом. Көп өтпөй чоң футбол майданы менен коштошуп, залда ойноп баштагам. Кичи футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын курамында 2-3 оюн өткөргөм. Чынын айтканда, менден мыкты футболчу чыкпасына көзүм жетти. Машыктыруучулук жол мени ийгиликке жетеледи. Азия, Европа өлкөлөрүндө көп болуп, көп нерселерди үйрөндүм. Таиландда германиялык, швейцариялык, бразилиялык адистердин машыктыруучу курсу тууралуу уктук. Анан кесиптештер менен татаал сынактарды тапшырып, 27 жаш машыктыруучунун ичинен 12 гана машыктыруучу калды. Анан Азиянын Футбол конфедерациясына окууга алындык. Кийин Испаниянын чемпиондугундагы алдынкы 5 команданын базасында тажрыйба топтоого жөнөтүштү. "Барселона", "Реал" клубдарында болдук. "Реалдын" ошол кездеги машыктыруучусу Жозе Моуринью машыктыруучулуктагы түзүлүштөрдү, топ-клубдардын философиясын түшүндүрүп берди. Ушул сапарга барганда катуу таасир алдым. Көргөн-уккандарымдан көп нерселерди алып, өзүмдүн футболдук философиямда колдонууга аракет кылам. Билесиздерби, баары акырындык менен окшошуп келатат. Биз азыр өз жолубузду жаңы гана баштадык. Ошентсе да тиешелүү ийгиликтер карамагыбызда жок эмес.
*
– Сизди 2014-жылдын аягында "Жылдын мыкты машыктыруучусу" деп табышыптыр. Добуш бергендердин 47 пайызы сизди тандашкан экен. Бул сурамжылоону ким өткөргөн?
– Добуш берүүнү футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги - ТОП-Лиганын расмий сайты уюштурду. Утканымда аябай кубандым. Ушундан улам "Шериктештик Кубогуна" мыкты маанай менен келдим. Мелдеш ийгиликтүү болуп, кубанычым артты. Мени колдогондордун ишеними мага дем берип, мындан ары бул жаатта көп нерсени далилдөөгө шыктандырып жатат.
– Сиз өткөн жылы кандайча футбол боюнча Кыргызстандын курама командасын машыктырып калдыңыз?
– Биздин улуттук курамабыз АФКнын "Чакырык Кубогунда" ийгиликсиз оюн көрсөтүп, Азия чемпиондугуна жолдомо ала албай калды. "В" тайпасында кыргызстандыктар Палестина, Лаос жана Мальдив курамалары менен ойноп, анын биринде гана утушту. Курама тайпадан чыга албай калгандан кийин мага кураманы машыктырууну сунушташты. Ошол эле учурда мен олимпиадалык курама менен машыгуу сборунан өтмөкмүн. Натыйжада Ысык-Көлдүн жээгинде 40 футболчуну машыктырууга туура келди. Кээде "10 жылдан кийин кураманы сен машыктырасың" деп айтып калышчу. Күтүлбөгөн маалда сунушташты. Ойлонуп туруп макул болдум. Мен кызмат ордуна ашыкканым үчүн эмес же баарын бир учурда каалаган ач көздүктөн эмес, улуттук курама команданы машыктыруунун даамын сезип көрүү үчүн макул болдум.
– Казакстан менен болгон жолдоштук оюнда Кыргызстан 7:1 эсебинде утулуп калганда кандай сындар болду?
– Катуу басым алдында калдым. Ага карабай башты көтөрүп, ишимди уланта бердим. Астанадан келгенден кийин олимпиадалык курама команда менен жумушка баш-отум менен кирип кеттим. Көп өтпөй Түштүк Кореяда өткөн Азия оюндарына жөнөп калдык. Тайпада күчтүү делген Иран менен 1:1 эсебинде ойноп, тайпадан чыгып кеттик. Бул ийгилик дагы Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет катталды.
– Мирлан, петербургдук футбол сүйүүчүлөрүнө сиздин команданын оюну жакты. Эми Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги тууралуу бир-эки ооз сөз...
– Биздин ТОП-Лигада 8 гана клуб ойнойт. Быйыл "Дордой" лидер болуп, биринчиликти утту. Андан кийин мен машыктырган "Абдыш-Ата" клубу, анан "Алай" жана "Алга" командалары бар. Бул 4 клуб башкаларга караганда мыкты ойноду. Мага "Абдыш-Ата" клубунда иштеген жагат. Клубдун президенти (ред. - Советбек Сакебаев) мага өз баласындай мамиле кылып, "Ката кетиргенден же утулуп калгандан коркпо! Мен сени дайыма колдойм, эркин иштей бер" деп айткандан тажабайт.