Кечээ, 25-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 12 мамлекеттин 21 жашка чейинки курама командаларынын катышуусунда "Шериктештик Кубогу-2015" мелдеши жыйынтыкталды. Мелдештин акыркы күнүндө 11-орун, 9-орун, 7-орун, 5-орун жана 3-орун, ошондой эле 1-орун үчүн беттештер өттү. Жыйынтыгында Эстония жаштар курамасы Литваны утуп (2:1 эсебинде) 11-орунду ээлесе, 9-орунду Молдова менен Латвия талашты. Жыйынтыгында 1:1 эсеби катталып, пенальтилер сериясында молдовалыктар 6:5 эсебинде жеңип чыгышты. Ал эми Казакстан жаштар курамасы 2:0 эсебинде тажикстандыктарды утуу менен 7-орунду камсыздаса, 5-орунду Кыргызстан менен Орусия жаштар курамалары талашышты. Бул оюнда 3:1 эсеби катталып, орусиялыктар жеңишке жетишишти. Орусиянын курамынан Алексей Курзенев 2 гол киргизсе, дагы бир голду Евгений Кирисов өз эсебине жаза алды. Ал эми кыргызстандыктардан жалгыз голду Акрамжон Умаров киргизди.