Кечээ, 25-январь күнү Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Маалыматка караганда, зилзаланын очогу Каракол шаарынан түндүк-чыгышты карай 176 чакырым, Түп айылынан чыгышты карай 169 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн айынан жабыркагандар, кыйроолор болгон жок.