Ош облусунда эл аралык террордук топтун мүчөлөрү колго түшүрүлдү

Ош облусунда 20-январь күнү эл аралык террордук топтун 6 мүчөсү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган топтун мүчөлөрү буга чейин куралдуу кол салууга барышып, каракчылык менен алектенип жүрүшкөн. Кармалган 6 жарандын ичинен төртөө Сириядагы эл аралык террордук уюмдун лагерлеринде согуштук даярдыктан өтүп келишкени аныкталган. Алардын жашаган жерин тинтүүгө алган учурда Калашников үлгүсүндөгү автомат, автоматтын 2 магазини, ар түрдүү калибрдеги 1760 даана ок-дары, 1 газ тапанчасы, 6 бет кап, 6 пружиналуу таяк, жыгач таяк, бычактын бир нече түрү, 3 кол чырак, 12 кол байлоого ылайыкташтырылган жиптер жана унаанын 2 номуру табылган. 

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу), 375-беренеси (жалданмачылык) жана 375-28-беренеси боюнча (жалданма кол салуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.          

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle
2015-01-26 11:18:14
Мындай адамдар арабызда эле журот турбайбы, бирге тамактанып, бирге сейилдеп.
0
Aidar.001
2015-01-26 21:07:23
Аты жондорун да жазып койсонор да жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан