Бишкекте "өспүрүмдү тоногон" деп шектелген жаран кармалды

Борбор калаада "өспүрүмдү күч колдонуу менен тоногон" деген шек менен шаардын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен К.Мелис аттуу жаран кайрылган. Анда ал 6-январь күнү саат 19:00 чамасында Весёлая көчөсүнөн белгисиз жаран М.Жаныбек аттуу жашы жете элек өспүрүмгө күч колдонуу менен анын 17 миң сомдук уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы С.Азамат аттуу жаран кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан