Ысык-Көл облусунда өткөн аптанын акыркы 3 күнүндө мас абалдагы 45 айдоочу токтотулду

Ысык-Көл облусунда өткөн аптанын акыркы 3 күнүндө аймактык Жол-кайгуул кызматы тарабынан мас абалдагы 45 айдоочу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн рейддин негизги максаты жол кырсыктарынын алдын алуу жана адам өмүрлөрүн сактоо болуп саналат. Рейд учурунда мас абалда токтотулган айдоочуларга карата административдик протоколдор түзүлүп, сотко жөнөтүлдү. Ал эми унаалары айып пул төлөөчү жайга жайгаштырылды.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadasdasd
2015-01-26 12:07:31
3 кундо 45 колго тушкону болсо. Жакшы эмес, анан кырсык кобойду дейбиз. Кырсык стакандан башталат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан