2014-жылы 22 мамлекеттик кызматкер кылмыш жазасына тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда маалымат жыйыны учурунда ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын башчысы Талантбек Үмөталиев билдирди.
Анын айтымында, жазага тартылгандардын арасында сот тармагында 2, прокуратурада 5, Ички иштер министрлигинде 1, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында 1, Мамлекеттик каттоо кызматында 4, Мамлекеттик бажы кызматында 1, жергиликтүү бийликте 3, Транспорт жана байланыш министрлигинде 1, Шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгында 2 жана “Кыргыз көмүр” ишканасында 2 кызматкер бар.