Борбор калаада уурулукка шектелген өспүрүмдөр кармалышты

Борбор калаада уурулукка шектелген өспүрүмдөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы М.Н. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын "Дордой" базарындагы соода күркөсүнүн айнегин талкалап, 10 480 сом акчасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 14 жаштагы А.Р. жана 15 жаштагы Т.А. аттуу өспүрүмдөр кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан