"Ош аэропортундагы карактоо фактысы жакында ачылат". Бул тууралуу бүгүн, 26-январдагы маалымат жыйыны учурунда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Адилбек Ботобаев билдирди.
“Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү, кайда жүргөнү такталган. Азырынча ал маалыматтар тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт. Буюрса, жакында кылмыштын бети ачылат”,- деди Адилбек Ботобаев.
Айта кетсек, 27-декабрда бет кап кийген, куралчан беш адам Ош аэропортунун VIP-залына кирип, 5,6 миллион доллардан ашык акчаны карактап кеткен.