Былтыр адам өлтүрүү боюнча 346 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Адилбек Ботобаев билдирди.
Анын айтымында, 316 фактынын бети ачылган. Мындан улам кылмыштын бетин ачуу 91,3 пайызды түзгөн. Ал эми 2013-жылы адам өлтүрүү боюнча 329 факт катталып, анын ичинен 295 кылмыштын бети ачылган. Пайыздык көрсөткүч менен алсак, 89,7 пайыз болгон.