Ошто 79 жаштагы жаран асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 24-январь күнү Ош шаарында болгон. Анда 79 жаштагы М.Кочкоров аттуу шаар тургуну өз үйүндө асынып алган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп, өз өмүрүнө кол салуу фактысынын себептери такталууда.