Ошто таксистти сабап, акчасын, уюлдук телефонун алып кеткендер кармалышты

Ошто таксистти сабап, акчасын, уюлдук телефонун алып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 22 жаштагы тургун кайрылган. Анда ал кардар күтүп турган учурда эки белгисиз адам аны сабап, 2500 сом акчасын, уюлдук телефонун алып кеткенин, ошондой эле колу-бутун таңып унаасынын багажнигине салып барып шаардын четине ташташканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Б.У. жана Т.Д. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nuru95kg
2015-01-27 08:32:23
Дадил го а
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан