Бишкекте "жер тилкесин сатып берем деп акча алып, изин сууткан" деп шектелген жаран кармалды

Бишкекте "жер тилкесин сатып берем деп акча алып, изин сууткан" деп 2 алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 
Маалыматка ылайык, милицияга 45 жаштагы М.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда анын Бахтияр аттуу чала таанышы 2013-жылы жер тилкесин сатып берем деп 2,5 миң доллар алып, изин суутуп кеткенин айткан. Ошондой эле милицияга арыз менен 34 жаштагы С.Ш. аттуу жаран кайрылган. Ал да Бахтияр деген чала таанышы жер тилкесин сатып берем деп 6,8 миң доллар алып, качып жүргөнүн айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 41 жаштагы А.Б. аттуу шаар тургуну кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө улантылууда. 
  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erlanaitibaev
2015-01-26 16:56:39
кылмышкерге жаза берилиши шарт
0
ulik1988
2015-01-26 22:09:31
сот,адвокат, тергоочу биригип акча ондуруп алып чыгарып ийет мындайлардын канчасы кармалды кайра эле чыгып кетет акчага кызыгып кылмышкерлердин баарын эле ээн эркин коюп коюшту го конституциянын деле кереги жок аларга акча керек эх
0
Jodi2007
2015-01-27 17:35:44
Фотосун чыгарып койсо болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан