Ошто “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү делген үч аял кармалды

Ошто “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү делген үч аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-январь күнү Ош шаарында 48 жаштагы М.Г. аттуу аял кармалып, текшерүүгө алынган. Натыйжада анын уюлдук телефонунан экстремисттик маанайдагы фото, видеоматериалдар табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ушуга улай эле 22-январь күнү Өзгөн районунда 1971-жылы туулган Т.С. жана 1978-жылы туулган Т.Д. аттуу эки аял кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Atyr38
2015-01-26 17:07:55
жакшылап издесе оштон коп табылат андайлар
+1
Askarchik91
2015-01-26 18:17:44
Негедир көпчүлүгү өзбектерден э?!
0
meli12
2015-01-26 19:20:46
аттарын толук жазгылачы биз да билип этияттайлы булардан т м дебей бул кылмышкерлердин эмнесин жашырыш керек наоблрот позорить этуу керек калайык калкка
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан