Бүгүн, 26-январда жана эртең, 27-январда футбол боюнча Австралияда өтүп жаткан Азия чемпиондугунун жарым финалдык оюндары орун алат. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, жарым финалга Ирак, Австралия, Түштүк Корея жана БАЭнин улуттук курамалары чыккан.
Чейрек финалдык беттештерде Австралия курамасы Кытайды 2:0 эсебинде утуп алса, Түштүк Корея ушундай эле эсеп катыштыгында Өзбекстанды уткан. Ал эми 3:3 эсебинде тең чыккан Иран жана Ирак курамалары пенальтилер сериясында жеңүүчүлөрдү аныктады. 11 метрликтерди таамай багыттоодо ирактыктар жолдуу чыгып, 7:6 эсебинде утуп алышты. Өткөн жолу Азиянын чемпиону аталган япониялыктарды Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы ээрден шыпырып түштү. Бул оюндун негизги убактысында 1:1 эсеби катталып, командалар пенальтилер сериясында күч сынашышты. Жыйынтыгында япониялыктар 5:4 эсебинде утулуп калышты.
Мелдештин мындан аркы өнүгүшү төмөнкүчө болмокчу:
26-январь. Жарым финал. Түштүк Корея Республикасы - Ирак
27-январь. Жарым финал. Австралия – БАЭ
30-январь. 3-орун үчүн оюн
31-январь. Финал