Балдарды спортко чакыруу максатында "Баарыбыз лыжага" аталышындагы иш-чара өтөт

Стрельник айылында 31-январь күнү балдарды спортко чакыруу максатында "Баарыбыз лыжага" аталышындагы спорттук-массалык иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу 26-январда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага баш калаанын калыбына келтирүү борборлорунун балдары, Бишкектин бардык райондорунун өспүрүмдөрү катышып, спорттук эстафета жана оюн-зоок, сынактар менен коштолот. Иш-чара кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүү, балдарды жана өспүрүмдөрдү жигердүү эс алууга, дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакыруу максатында өткөрүлөт. Бардык катышуучулар үчүн ысык тамак уюштурулат. Спорттук иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SULUU-KYZ
2015-01-26 17:45:38
Ии барсакпы?сонун го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан