"Шериктештик Кубогу-2015": Кыргызстандык футболчулар Бишкекке кайтып келишти

25-январда Орусияда футбол боюнча “Шериктештик Кубогу-2015” мелдеши жыйынтыкталды. Мелдешке катышкан Кыргызстандын 21 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн жаштар курама командасы Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты. Футболчуларды аэропорттон тосууга 200дөн ашык футбол сүйүүчүлөрү, футболчулардын жакындары барышкан.

Кошумчалай кетсек, Мирлан Эшенов машыктырган жаштар курамасы аталган мелдеште 6-орунду ээлеген. 6 беттеште кыргызстандыктар 2 жеңиш (Орусия – 2:1, Тажикстан - 3:1) камсыздап, 2 ирет тең чыкты (Молдова жана Латвия курамалары менен 1:1 эсебинде). Ошондой эле чейрек финалда Финляндияга (1:0), 5-орун үчүн болгон беттеште Орусияга (1:3) утулуп калды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
windom
2015-01-27 09:22:22
Бул да болсо Кыргыз спортунун ийгиликтерине кирет! Кийинкиде мындан да жакшы ийгилик жаратууларын тилейли.
0
kama_future_millioner
2015-01-27 10:29:41
Азаматсыңар аз да болсо футболубузду алдыга сурөдүңөр
+1
uefamif
2015-03-04 14:54:30
Алга Кыргызстан!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан