Кечээ, 26-январда Австралияда өтүп жаткан футбол боюнча Азия чемпиондугунун жарым финалдык оюндары старт алды. Алгачкы оюнда Түштүк Корея курамасы Ирак менен кез келип, 2:0 эсебинде жеңип алды. Командага жеңиш алып келген голдорду
Ли Юнг Жи (20-мүнөттө) менен
Ким Янгвон (50-мүнөттө) киргизди.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, финалда Түштүк Корея курамасы Австралия жана БАЭ курамаларынын жеңүүчүсү менен беттешет. Экинчи жарым финалчылар бүгүн, 27-январда өз ара оюн өткөрүшөт.
Мелдештин мындан аркы өнүгүшү төмөнкүчө болмокчу:
26-январь. Жарым финал. Түштүк Корея Республикасы - Ирак - 2:0
27-январь. Жарым финал. Австралия – БАЭ
30-январь. 3-орун үчүн оюн
31-январь. Финал