Аламүдүн районунда өрт кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн түнү аталган райондун Төмөнкү Ала-Арча айылында турак үйдөн өрт чыгып, ал жерден 1957-жылы туулган үй ээсинин күйгөн денеси табылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.