Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы жеке менчик ишканалардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен ишкананын кампасынын 450 чарчы метр жыгач менен капталган дубалы, шыбы жана 1 тонна пияз толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен 7 батирлүү барак тибиндеги турак үйдүн 150 чарчы метр чатыры, үй оокаттары толугу менен күйүп, 60 чарчы метр шыбы түшүп калган. Учурда батирдин ээлери, ошондой эле өрттүн себеби такталууда.