Ысык-Көл облусунда уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 27-июлунда белгисиз адамдар тарабынан “Кумтөр” ишканасына тиешелүү жер алдындагы пайдалуу кендерди аныктоочу “Рефлекс” аппараты уурдалган. Анын баасы 7 миллион 853 миң сом турган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталып, анын натыйжасында кылмышка шектүү катары Жети-Өгүз районунун эки тургуну кармалды. Учурда алардын бири убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.