Талас. Пенсия алуу үчүн документ жасап, мамлекетке жарым миллион сомдой зыян келтирген кызматкерлерге кылмыш иши козголду

2012-2014-жылдар аралыгындагы Талас райондук социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлери жана Талас районунун Көк-Ой айылдык байланыш бөлүмүнүн мурдагы башчысы, аталган мекеменин учурдагы башчысы жана айылдык почта кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 27-январда Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Көк-Ой айылдык байланыш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ж.А., мекеменин учурдагы башчысы И.Ж. жана почтачы Э.Э. кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, пенсия алуучу атуулдардын расмий иш кагаздарын жасалмалашкан да, акча каражаттарын мыйзамсыз өз кызыкчылыктарына пайдаланышканы аныкталган.

Мындан улам мамлекетке жалпы суммасы 481 647 сом зыян келтирилген. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
arzuu1
2015-01-27 14:19:23
Биздин колубуздан талап тоноодон башка эмне келмек эле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан