Эртең, 28-январда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Советтер Союзунун Баатыры
Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш старт алат. 1-февралга чейин улана турган мелдешке Казакстан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Орусия, Таиланд, Монголия, Эстония, Литва, Кыргызстан курамаларынын мушкерлери катышат. Мелдеш 38-ирет өтүп жатат. Таиланд, Монголия командалары мелдешке биринчи ирет катышмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору
Кадырбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, мелдеш бул жолу Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата жана Дүйшөнкул Шопоковдун 100 жылдыгына карата жогорку деңгээлде уюшулууда. Ушул себептүү мамлекет тарабынан бул мелдешти өткөрүүгө 1 миллион 200 миң сом бөлүндү. Ошондой эле медалдар жана Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун ижара акысы да мамлекеттин эсебинен төлөнөт.