Борбор калаада "дөңгөлөк уурдаган" деген шек менен жаңы конуштун тургуну кармалды
Борбордо уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы А.Б. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 20-январь күнү саат 12:00 чамасында белгисиз жарандар анын "Дордой" базарындагы соода күркөсүнөн унаанын дөңгөлөгүн уурдап кетишкенин айткан. Келтирилген чыгымдын суммасы 1600 сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары борбордогу жаңы конуштун 27 жаштагы К.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул иш боюнча бардык материалдар чогултулуп, иликтөө жүрүүдө.