Казакстандык машыктыруучу: "Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган мелдешке катышпаган чыгаан казак, кыргыз мушкерлери аз"

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин уюшулушу, даярдыктар тууралуу өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө Казакстан курамасынын башкы машыктыруучусу Рахимжан Сыдыков да сөз алды. Ал калыстардын ишин жана мелдештин жалпы деңгээлин баалап өттү. 
"Бул мелдеште калыстар өз ишин билишет. Ушул себептүү катышуучулардын саны жыл сайын артып баратат. Негизи, бул мелдеш көп мушкерлер үчүн мыкты секирик болуп берет. Тактап айтканда, ушул мелдешке катышуудан алган тажрыйбанын негизинде мушкерлер эл аралык аренада өзүлөрүн мыкты көргөзүп башташат. Мен уюштуруучуларга ыраазычылык билдиргим келет. Анткени 38-ирет өтүп жаткан мелдешти жыл сайын уюштурууга көп каражат керек. Көп мамлекеттин мушкерлери жыл башында алгач ушул мелдешке катышышат",- деп белгиледи Р.Сыдыков. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан