Өткөн жылы Чүйдө милиция кызматкерлерине 10 кылмыш иши козголгон

2014-жылы Чүй облусунда милиция кызматкерлерине 10 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Чүй ОИИББинин башчысы Капар Батырканов маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылы 500 милиция кызматкерине дисциплинардык чара колдонулган.

Кылмыш иштери “пара талап кылуу”, “бейбаштык”, “алдамчылык”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча козголгон. Бул иштерге катыштыгы бар делген милиция кызматкерлеринин баары кызматтарынан алынган”,- деди Батырканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан