Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысы боюнча иликтөө иштери бүтүп, материалдар прокуратурага жөнөтүлдү

Ишкер Райкан Алкановго кол салуу фактысы боюнча иликтөө иштери бүтүп, материалдар прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 27-январда билдиришти.

Маалыматка караганда, прокуратура ишти карап, беш күндүн ичинде сотко же кайра карап чыгууга жиберет.

Эске салсак, өткөн жылдын 26-октябрында ишкер Райкан Алкановго Талас шаарындагы үйүнөн кол салуу болгон. Анын кесепетинен ишкердин ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз жана эки айым кармалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан