Ошто "кошуп жазуу менен айлык акыны көбөйтүп алган" деп шектелген Шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлерине Шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, кылмыш иши Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге №62 "Каныкей" аттуу балдар бакчасынын жооптуу кызматкерлерине да козголду. Алар айлык акысына кошуп жазуу менен мамлекеттин бюджетине ири суммадагы зыян келтиришкени айтылууда. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан