"Айылдашы эле күйөөмдү сабап, зордуктаптыр" дейт жабырлануучунун аялы

Үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 8-январына караган түнү Сокулук районундагы Конуш айылынын тургундары 43 жаштагы Нурлан Амановду ур-токмокко алышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканадан каза тапкан. Тургундар маркумду “ар кимге зордук-зомбулук көрсөтүп, 1972-жылы туулган Рустамбек аттуу айылдашын зордуктаган” деп айыпташууда. Бул боюнча кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган, бирок аларды Сокулук райондук соту үй камагына чыгарган.

Бүгүн, 27-январда мына ошол окуя боюнча маалымат жыйыны өттү. Ага зордукталды делген Рустамбек Курманалиевдин аялы, айыл аксакалы жана айыл тургундары катышышты.

Маалымат жыйынына катышкан айыл аксакалы Аспек Молдокулов элдик жазалоодон каза тапкан Нурлан Амановдун үстүнөн 18 арыз түшкөнүн айтты.

Буга чейин күч органдарына Амановдун үстүнөн 18 жолу арыз түшкөн экен. Бирок Райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан эч кандай чара колдонулган эмес. Мунун кесепетинен ушундай окуя болуп отурат. Эгер алдын алса башкача болот беле”,- деди айыл аксакалы.

Ал эми айыл тургуну Айна Абдылдаева:Нурланды эл жазалаган. Көптөргө кордук көрсөткөнү үчүн эл ушундай жолго барды. Ал жерде 30дан ашык адам болгон. Бирок аялы 6 адамды таанып калгандыктан, алар кармалып, кийин сот аларды үй камагына чыгарган. Ал эми Сокулук райондук прокуратурасы кылмышка шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу чечимине каршы болуп, Чүй облустук сотуна арыз менен кайрылган. Биз шектүү 6 адамдын сотко чейин үй камагында болушун талап кылабыз”,- деди.

Зордукталды деген Рустамбек Курманалиевдин аялы Венера Сыдыгалиева буларды айтты: Мен күйөөм менен 21 жылдан бери чогуу жашайм, 4 балабыз бар. Ал бир канча күн унчукпай, жаман болуп жүрдү. Мен анын зордукталганын кийин билип отурам. Учурда ал оор абалда ооруканада жатат. Элдик жазалоодон улам каза болгон Нурлан Аманов күйөөмдүн башын дубалга уруп, эсин жоготкондон кийин эки колун артка кайрып, жанагы зөөкүрлүк ишин кылыптыр. Азыр ал өзүн өлтүргөндөн да кайра кайтпайт. Амановдордун үй-бүлөсү ошонун баарын түшүнүшөт. Кайра бизди күнөөлөп жатышат. Азыр менин балдарым окууга, бала бакчага да барбай отурушат. Күйөөмдүн зордукталганын экспертиза тастыктаган”.

Элдик жазалообу же мыйзамга баш ийбестикпи?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-27 20:56:06
Чекеден бычыш керек мындайларды
0
Nur_Iman
2015-01-27 21:36:28
мен Сокулукта жашайм,менин угушумча зордуктоо болгон эмес,маркумдун"рэкетчилигинен"эл чыдабай ушундуй кадамга барышкан,буга чейин 90-жылдары да аны катуу сабап,бутун сындырып,темир жолго таштап кетишиптир,бирок өлбөй калган,андан кийин ал Орусияга качып, аяктан келгенине 2-3жыл болгон,маркум 10-15 адамга моюн бербеген күчтүү адам болгон экен, сабаганда бөлөсү,анча-мынча туугандары да катышыптыр,муну алдын-ала аябай ойлонушуп(детальдарын),"өлтүрөбүз,жок кылабыз"деп барышыптыр.
0
Nur_Iman
2015-01-27 21:41:23
ал эми үй камагына чыгарганга, айылдын байлары,кызматта иштеген чоңдору, алдын-ала сүйлөшкөндөй жардам беришкен экен.
0
maksnarin
2015-01-27 21:45:27
Итке ит олуму болуптур да,чала дейли да озубузго,балдарыбызга ыйман тилейли-(((
+4
taku0214
2015-01-27 22:13:09
Зоокурду туура жазалашыптыр.
0
ALIK-BRO
2015-01-28 01:09:39
Аял эркекти айырмалабай калышкан го. Калыгул олуя айткандай акыр заманда шундайлар кобойот ошкойт ко. Эконун тен балдары бар немелер екен. Эмне дешти деле кимисине ишенишинди деле билбейсин.
0
kg-zzzzz
2015-01-28 01:16:34
кыргызстанда зордуктоо акыркы учурда ото кобойуп кетти прещидент ушул зордуктоо законун катуурак чарага алмаштырса жакшы болот эле
0
raxatka
2015-01-28 04:09:46
Мен да оз оюмду жазып кетпесем болбос. БИйликтегилер бирин бири чукубай, азыркы педофилия боюнча,мыйзамга (бычуу) жазаcын киргизсе!!! Эки жылдан бери ушуга окшош окуялар орчуду, кудай озун сакта деп отура беребизби???
0
tynara81
2015-01-28 08:59:56
Бул жерде элдик жазалоо эмес эле 2 уруунун кагышуусу болгон эмеспи? Гезиттеги макаладан улам айтам да. Жаш балдарды зордуктагандарды элдик жазалоо кылса болмок.
0
rah
2015-01-28 13:35:40
куйосунун зордукталганын биринчи экспертизадан откозуп туруп далилдеп сотко берсе болмок экинчиден ошончо кишиге налок салып жургон болсо биро жарымы сотко кайрылмак бул жерде бир айыл экиге болунуп алышкан жана угутогон адам жакшы элди кулогонду билген мындайча айтканда озунун очун жаш балдарды аралаштырып долдурбайларды элдик жазалоо кылган коркутуп койобуз десек олуп калды дешет кудай бар мыйзам чегинде чечишсе болмок мындайларды ону он бешиби барын камаш керек болбосо эртен дагы бирону
0
rah
2015-01-28 13:39:13
ушинтип элди жакшы угутогон киши элдин артына жамынып алып очошкон адамын олтурот уяты жоктор камаш керек кандай болгон ченде да мыйзам бар адам олтургондор деле сот алдында мыйзам чегинде жазаланып жатпайбы зокурлор
0
rah
2015-01-28 13:45:35
бизде бир адам бирону жаман десе баары жаман деп калышат башкалар жаман дебеш учун ал киши барып актанышы керек азыр ошондой
0
bema_bema
2015-01-28 15:17:05
Зордукталса ошондо кайрылбайбы милитцияга
0
Beki035
2015-01-28 17:35:16
Атангорууу эмне деген заман
0
Aijamalkaaa
2015-01-30 10:42:00
Эл оозунда элке жок дегендей ар ким ар башканы суйлоп жатат. Бул жерде тируу олум болгонун эч ким тушунгон жок.Оло турган адам олду.Оз жасасын алды. Ал эми зордукталга рустамчы ал омур бою оорукча болуп калды да. Балдарынын келечеги чи эмне болот.Акыйкаттык керек !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан