Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Ден соолук” борборунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Чырмаш Дооронов ар бир факультеттин командаларына ийгилик каалоо менен мелдештин өткөрүлө турган графиги менен тааныштырып кетти.
“Биринчи күнү шахмат, тогуз коргоол, стритбол жана стол тенниси боюнча, экинчи, үчүнчү күндөрү волейбол, кичи футбол боюнча, бешинчи күнү аркан тартыш боюнча таймаш болот. Ал эми жуманын ишемби күнү мелдеш жыйынтыкталып, спорттун түрлөрү боюнча ээлеген орундарга карата сыйлыктар ыйгарылмакчы”,- деди ал.