Борбор калаада уурдоо фактысына шектелген 16 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 35 жаштагы С.С. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын Жибек Жолу көчөсүндө токтоп турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасынан 5700 сомдук уюлдук телефонун жана акчасын алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Ш.Т. аттуу жаран кармалды. Учурда иликтөө жүрүүдө.