Бишкекте жер тилкесин сатып берүү үчүн 4 миң доллар алып, изин сууткандарга карата иликтөө жүрүүдө

Бишкек шаарында "жер тилкесин сатып берем" деп акча алып, изин суутуп кеткендер боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 44 жаштагы И.М. аттуу айым кайрылган. Анда ал Камчы жана Мелис аттуу чала тааныштары "жер тилкесин сатып берем" деп убадалап, 4 миң долларын алып, ошол бойдон дайынсыз болуп жатышканын айткан. Учурда бул факт боюнча материалдар чогултулуп, иликтөө иштери башталды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан