Талас. Жасалма документ менен пенсионерлердин атынан акча алган кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Таласта «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын жана Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 27-январда Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, 2012-2014-жылдар аралыгында Талас райондук социалдык фонд башкармалыгынын пенсия төлөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси С.Г. жана Талас районунун Кара-Суу айылдык байланыш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Б.Б. кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, пенсия алуучу атуулдардын расмий иш кагаздарын жасалмалашкан. Пенсия алып жүргөн адамдарга эки жолу фамилияларын көрсөтүшүп, "пенсия төлөндү" деп акча каражаттарын мыйзамсыз өз кызыкчылыктарына жумшап жиберишкендиги аныкталган. Натыйжада аталган кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринен мамлекетке жалпы суммасы 95 720 сом зыян келтирилген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle
2015-01-27 20:37:40
2 жылдагы чогулткан пенсия 92000 сом болдубу ? Дагы белгисиз канча адамдын документине берилгени. :))
0
SULUU-KYZ
2015-01-27 23:27:37
Бироонун акысын жесе ушундай болот.Ал жукпайт да кайра артка тартат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан