Бишкекте 6 клубдун катышуусунда волейбол боюнча өлкө чемпиондугу старт алат

Бүгүн, 28-январда Бишкекте волейбол боюнча уландар арасында клубдар аралык өлкө чемпиондугу башталат. Бул жаңы сезондо чемпиондукту 6 команда өз ара талашышат. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда боло турган беттеш 1-февралга чейин созулат.

2015-жылкы Улуттук Лиганын катышуучулары:

“Ош бажы” (Ош)

“Салам-Алик” (Бишкек)

“Жаңы-Муун” (Ысык-Көл облусу)

“Улуттук гвардия” (Бишкек)

“Жети-Суу” (Чүй облусу)

“Жаш-Күч” (Ош)

Мелдештин ачылыш аземи саат 13:30га туураланган. 1-турда атаандаштар төмөнкүдөй тартипте беттешишет:

14:00. “Ош Бажы” – “Жаш-Күч”

15:30. “Салам-Алик” – “Жети-Суу”

17:00. “Жаңы-Муун” – “Улуттук гвардия”

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы өлкө биринчилигин “Ош бажы” командасы утуп алган. Алдынкы үчтүккө “Салам-Алик” жана “Жаңы-Муун” клубдары кирген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bokonbaev
2015-01-28 10:24:36
Saat kanchada bawtalat rken jana kim kimder mn oynoyt owolordu da jazip koysonor Super info?
0
admin_portal
2015-01-28 11:25:19
bokonbaev, Саламатсызбы! Аткарылды.
0
bokonbaev
2015-01-28 11:19:18
Rahmat Super info.suranich rezultattarin jazip tursanaar... rahmat..
0
admin_portal
2015-01-28 11:24:54
bokonbaev, Ага да аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан