Чаткал райондук казына бөлүмүнүн жана Каныш-Кыя айыл аймагынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызмат адамдары “Аймактык өнүгүү фондундагы” 8 миллион сомдон ашык акча каражатын өз кызыкчылыктарына пайдаланышкан.
Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кызмат укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.