Борбор калаада каракчылык менен алектенип жүргөн топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кылмыштуу топтун 3 мүчөсү шаардын тургундарын тоноо менен алектенип келишкен. Азыркы тапта кылмышка шектелгендердин үстүнөн милицияга 2 арыз түшкөн. 3-январь күнү саат 23:30 чамасында борбордогу 8-кичи райондон үч белгисиз жарандар тапанча менен коркутуп, жабырлануучунун уюлдук телефонун жана акча каражатын алып кетишкен.
Ошол эле 3 жаран 4-январь күнү саат 20:00 чамасында "Ататүрк" сейил багынан күч колдонуу менен К.Чыңгыз аттуу жарандын 6 миң сомдук телефонун тартып алышкан. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголгон болчу.
Кылмышка шектүү катары кармалган Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы Б.Усубалиев, 19 жаштагы Б.Талантбеков жана 19 жаштагы А.у.А. аттуу тургундары камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле Октябрь РИИБи бул жарандардан жабыркаган болсоңуздар, төмөнкү номурларга кайрылууну өтүнөт: 0 554 10-23-37, 0 554 10-22-86, 0 554 10-21-49, 0772 18-08-09.