Борбор калаада 50 килограмм мандарин уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен К.К. аттуу жаран кайрылган. Анда ал "Орто-Сай" базарынан белгисиз жарандар анын 50 килограмм мандаринин уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 49 жаштагы Т.С. аттуу жаран кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө.