Ош шаардык сотунун мурдагы судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 28-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун мурдагы кызматкери Х.Н. мыйзамды бузуу менен 600 чарчы метр жер тилкесин А.М. аттуу жаранга жеке менчикке берүү боюнча чечим чыгарган. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.